Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 31.05.2019 08:28 Жаңыланды: 31.05.2019 18:22 На русском

«Якут эли кечирим сурады»: Якутияда иштеген Эрлан кыргыз мигранттардын жашоосу тууралуу айтып берди. Сүрөт

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Эрлан Мейманов. Ал Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Теңдик айылында туулган. Учурда Якутиянын (Саха Республикасы) Якутск шаарында эмгектенип келет. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепти аяктаган соң ЖАМУнун журналистика жана кыргыз тили факультетинде билим алып баштап, окуусун аяктай электе — 22 жашында турмуш шартка байланыштуу Якутияга иштегени кеткен.

«Жаңы келгенде тил билбей, аябай кыйналдым. Алгач темир жол курган ишканага келишим жок жумушка орношуп, айлык маянамды ала албай калган күндөр болду. Кийинчерээк бир фирмада товар жүктөгүч болуп иштеп, убакыт өткөндөн кийин экспедитор болуп иштедим. Учурда ошол эле фирмада айдоочу болуп эмгектенип жатам. Бул жакта келинчегим менен бирге иштейм, балдарыбызды ата-энеме таштап келгенбиз», - дейт ал.

Анын айтымында, Якутияда кыргыз мигранттары үчүн жеңилдиктер каралган.

«Өзүңөр билгендей, Якутияда кышкысын 50-60 градуска чейин суук болот. Климаты суук болгондугуна байланыштуу жашылча жана мөмө-жемиштер такыр өспөйт. Ал эми жайында июнь айында гана күн жылып, бир ай жай болот. Ошол себептүү шаарда азык-түлүктөрдүн баасы кымбат. Мисалы 1 килограмм алманын баасы 250-300 рубль, ал эми бир нандын баасы 60 рубль. Бирок жакшы жери Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттардын ичинен кыргыздарга бир кыйла жеңилдиктер каралган. Мисалы, бизден келген мигранттардын документтери туура болсо, ар кандай жумушка кабыл алышат. Ал эми Өзбекстан, Тажикстандан келген жумушчуларды жол куруу сыяктуу курулуш тармагындагы оор жумуштарга алышат. Мындан сырткары, бизди патент төлөөдөн бошоткон. Ал эми башка мигранттар 8 миң рублдан, 12 миң рублга чейин патент төлөшөт. Ал эми биз алган эмгек акыбыздын 13%ын өкмөткө төлөйбүз, алар бизге ошонун негизинде пенсияга чыгууга жана медициналык акысыз жардам алууга шарт түзүп берет», - дейт мекендешибиз.

Эрлан Мейманов ушул жылдын апрель айында Якутияда мигранттарга, анын ичинен кыргыздарга көп кысым болгонун, кийинчерээк якут эли кечирим сураганын айтат.

«Баарыбыз билгендей апрель айында чыр чыгып, мигранттарга каршы толкундоолор болду. Ошол учурда жергиликтүүлөр кыргыздардын кафелерин өрттөп, дүкөндөрүнүн айнектерин сындырып, соодагерлерди мөмө-жемиштер менен чапкылап, абдан кыйын болду. Ошондо 1 жума ишке барбай, кээде жумушка такси менен барып жаттык. Бирок бул маселени өкмөт тез аранын ичинде чечип, андай кадамга барган жергиликтүүлөр бизден кечирим сурады. Ошондон кийин абал тынчыды. Азыр баары жакшы», - дейт ал.

Анын айтымында, Якутиядагы кыргыздар абдан ынтымактуу.

«Бул жактагы кыргыздар абдан ынтымактуубуз. Якутск шаары Жалал-Абад шаарынан бир аз эле чоң, ошол себептүү шаардагы мигранттар бири-бирибизден кабар алып турабыз. Жакында эле такси кызматында иштеген ини-агаларыбыз жалпы кыргызстандыктарга Рамазан айына карата ооз ачуу уюштуруп беришти.

Мындан сырткары, бир жылда кеминде 4-5 мекендешибиз кырсыктап кайтыш болуп жатканы мени өкүндүрөт. Ошол учурда кыргыздар колубуздан келишинче каражат топтоп, сөөктү Кыргызстанга салганга аракет кылабыз. Бир жума мурун эле бир жердешибиз каза болуп, аны дагы мекенибизге салдык. Ар бир «жүк 200» жөнөтүлүп жатканда кабыргабыз кайышып, абдан өкүнөбүз», - дейт Э.Мейманов.

Мекендешибиз быйыл Кыргызстанга келип, чакан бизнес түптөөнү пландап жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×