Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 27.05.2019 10:22

Казарманда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан Ч.Айтматов атындагы класстык бөлмө ачылды

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Казарман шаарчасындагы Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин бир бөлмөсүн 20 жылдык бүтүрүүчүлөр оңдоодон өткөрүп беришкендигин журналист Айнура Касымова билдирди.

25-майда Асан Абдраимов атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты белгиленип, ага мектепти 1999-жылы бүтүргөндөр катышты. Алар 20 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүп, мектептен Чыңгыз Айтматовдой дүйнөгө таанылган белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмерлер чыксын деген максатта кыргыз тил класстык бөлмөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле бөлмөгө керектүү бардык эмеректерин, парта-столдорун жаңы сатып беришкен.

Ч.Айтматов атындагы класстын ачкычын мектептин директоруна тапшырып беришти. Мындай иш-чара биринчи ирет болуп жаткандыктан, мектептин жалпы жамааты, окуучулар жана ата-энелер кубаныч менен кабыл алышты. Буга жалпы 450 миң сом каражат сарпталганы маалым болду.

Бул демилгени көтөргөн 20 жылдыктын уюштуруучусу Мелис Эстебесов төмөндөгүлөргө токтолду: «20 жылдан кийин өзүбүз учуп кеткен алтын уябызга келип, мектепке кичинекей болсо да салым кошконго аракет кылдык. Мындай иштер муну менен токтоп калбайт. Кийинки жылы да жакшы пландарды коюп, мектепке жардам беребиз деген ниетибиз бар», - деди уюштуруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×