Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 09.05.2019 15:28

Ала-Букада согуштун эки ардагерине ат мингизишти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Ала-Бука районунда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Ала-Бука айылындагы Жеңиш паркындагы өчпөс отко гүлчамбарларды коюу менен башталып, согушта курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулган соң, аларды эскерүү митинги өткөрүлдү. Андан соң райондун борбордук аянтында майрамдык иш-чара улантылып, маданий иш-чаралардан кийин аскердик парад болду. Андан соң «Өлбөс полк» жүрүшү өттү.

Райондун тургундарын аким Э.Абдыкадыров жана Жогорку Кеңештин депутаты А.Турсунбаев куттукташты. Райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттүн башчылары райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте согуштун 2 ардагерине токулуу жылкы мингизишти.

Согушка Ала-Бука районунан 3421 жоокер аттанып, алардын ичинен 1116 жоокер кайтпай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×