Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 19.04.2019 16:15 На русском

Кербенде шаардык кеңештин депутаты сабалганын милиция териштирүүдө

Кербен
Кербен

Turmush -  Кербен шаардык кеңештин депутаты Ыманалы Сариевдин ур-токмокко кабылганы боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аксы РИИБ тарабынан ээнбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ыманалы Сариев Кербен шаардык кеңешинде КСДП партиясынан депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×