Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 28.02.2019 10:58

Кочкор-Атадагы рейдде расмий тилде жазылган көрнөк-жарнактар алынды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында коомдук жайлардагы көрнөк-жарнактарга рейд уюштурулуп, дүкөн ээлерине эскертүүлөр берилип, кээ бирине айып салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор-Ата шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Айчүрөк Назарбаева билдирди.

Анын айтымында, рейддин негизги максаты — көрнөк-жарнактардын адабий тилдин нормасына ылайык туура жазылышын текшерүү.

«Рейддин алкагында объекттердин сыртындагы жарнамалардын расмий тилде жазылганы боюнча ээлерине эскертүүлөр берилип, айрымдарына айып пул салынды. Жалпы 20дай объекттин расмий тилде жазылган көрнөк-жарнактары алынып салынды. Бул иш-чара дагы уланат», - деди А.Назарбаева.

Кочкор-Ата шаарында 18 миңге чукул калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×