Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 24.12.2018 15:05

Жалал-Абадда «Кыргызнефтегаз» ААКтан мунай уурдап жүргөндөрдүн бири кармалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда «Кыргызнефтегаз» ААКтагы мунай уурулуктун бети ачылды.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 8-ноябрында саат 22:50 чамасында Сузак районунун Камыш-Башы айылындагы Көк-Арт сайынын жээгинен Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ААКтан, Жалал-Абад шаарындагы «Петрофакт» ишканасына баруучу жердин асты менен өткөн түтүктү белгисиз эки кылмышкер тешип, атайын ийкем түтүк улап, «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү 1,5 тонна темир цистернага 500 литрдей мунайды куюп жатканда ишкананын кызматкерлерлери көрүп калышкан. Эки адам унаасын окуя болгон жерге таштап, издерин жашырып качып кетишкен.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа РИИБдин короосуна үстүндөгү атайын орнотулган темир цистернасы, ийкем түтүктөрү менен алынып келинген.

Аталган факт боюнча 10-ноябрда Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Оперативдүү иликтөө иштердин натыйжасында, 22-декабрда кылмышка шектүү делип Сузак районунун 1987-жылы туулган тургуну Ю.А.А кармалган.

Учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын кылмыштуу шериктерин кармоо максатында оперативтүү иш-чаралар уланууда.

WhatsApp Image 2018-12-24 at 14.47.50

Буга чейин Кочкор-Ата шаарынан Жалал-Абад шаарына түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөндөрдүн унаасы кармалганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×