Turmush — Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айыл аймагындагы А.Навои атындагы мектепте мугалим эки окуучуга кол көтөргөн. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 20-апрелде аталган мектепте мугалимдер жана ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү. Мугалим өз арызы менен жумуштан кетти.
А.Навои мектебинин директору Дилбарай Жороева Turmush басылмасына берген комментарийинде жабыркаган окуучулар экинчи класстын окуучулары экенин билдирди. Аталган окуучуларга кол көтөрдү деп айтылган мугалим алардын класс жетекчиси болгон.
«Окуя 16-апрель күнү саат 11:22де болгон. Ата-энелери саат 15:00 чамасында келип, камерадагы жазууларды көрүштү. Окуучулар "эжекем урду" деп айтышты. Ата-энелери мугалимди иштен бошотууну талап кылышты. Мугалим ата-энелерден кечирим сурады, бирок алар макул болгон жок. Андан кийин мугалим өз каалоосу менен арыз жазып, жумуштан кетти.
Бул боюнча тергөө иштерине бардык. Райондук билим берүү бөлүмү жыйын өткөрүп, арыз жазган ата-энелер жана мугалим катышты. Ошол күнү мугалим окуучуларды иш-чарага даярдап жаткан. Камерада үн жок болгондуктан, так эмне дегенин билүү мүмкүн болгон жок. Ал "тынч отургула" деп кайра-кайра эскертүү бергенин айткан. Даярдык учурунда тоскоолдук кылгандыктан эки окуучунун бетине чапкан», - деди Жороева.