Turmush — Ысык-Көл районунун Шайыбек ата айыл аймагына караштуу Бает айылында аялдар үчүн фитнес залдын ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн кубанычтуу жаңылык болду.
Бает айылындагы фитнес залды 7 баланын энеси— 34 жаштагы Гүлзат Рыспек кызы ачкан. Бул анын көптөн берки кыялы эле. Баатыр эне аялдардын ден соолугуна кам көрүп, аларды спортко үндөп, машыктырууну самачу.
Жолдошунун колдоосу менен анын кыялы ишке ашып, бүгүнкү күндө фитнес зал толук кандуу иштеп жатат. Учурда эртең менен жана кечинде эки топ машыгууда.
Бает айылынын 16 жаштан 65 жашка чейинки кыз-келиндери жана апалары машыгууга үзгүлтүксүз катышып, сергек жашоо образын тандап жатышат. Айыл тургундары мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдиришүүдө.
Айыл жеринде мындай спорттук жайлардын ачылышы — сергек жашоо образын жайылтуудагы чоң кадам. Бул демилге башка айылдарга да үлгү болуп, аялдардын спорт менен машыгууга болгон кызыгуусун арттырууда. Анткени ден соолук — ар бир адам үчүн эң башкы байлык, ал эми спорт анын негизги булагы.