Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын 30 жаштагы тургуну Акылай Бусурманкул кызы торт жасоо менен алектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Акылай Бусурманкул кызы 1996-жылы Ак-Кыя айылында төрөлгөн. 2003-2014-жылдары Асаналы Абдраимов атындагы орто мектепте, 2015-2019-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган. Үй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси.
Каарманыбыз торт жасоону борбордон айылга келери менен колго алган.
«2018-жылы 4-курс кезимде айылга практикага келип, өзүбүздүн айылдык жигитке турмушка чыгып калып калдым. Жолдошумдын аты Шабдан Таалайбеков. 2025-жылы кыздуу болуп, тилекке каршы периште болуп учуп кетти. Учурда 2 уулубуз бар. Турмушка чыккандан кийин бирде айылда, бирде шаарда болуп жүрүп, анан 2024-жылы күзүндө айылга биротоло келдик. Шаардан айылга келердин алдында торт жасоо боюнча 1 айлык онлайн курстан окуп, декабрь айында айылга келерим менен эле торт жасоону колго алып кеттим. Андан бери 1 жарым жыл өттү», - деди ал.
Анын айтымында, айылдаштары ал жасагон тортторду мактап келишет.
«Торт жасоону жаңы баштаганда азыктар менен жасап көрдүм. Бирок баасын кымбат койгонго туура келип калды. Ал элдин чөнтөгүнө туура эмес келчүдөй. Анан калса мөөнөтү дагы 3 эле күн болуп калат экен. Учурда даяр продукция сатып алып, ага өзүм даам кошуп жасайм. Айылдагылар "даамдуу" деп мактап калышат. Чын эле жагабы билбейм. Буйрутма алып, үйдөн эле жасап баштагам. Өзүбүздүн айылдын месседжерде тайпасы бар. Ал жакка кетирип коём. Көпчүлүк биринен бири угуп, буйрутма бере беришет.
Жаңы жыл күнү 1 күндө 10 даана торт жасадым. Негизи эле 31-декабрь, 23-февраль, 8-мартта буйрутма аябай эле көп болот. 5-6 күн тынымсыз иштеп калам. Азыркы тапта Баетов, Жаңы-Талап жана Ак-Тал айылынан дагы буйрутма берип, алгандар болуп жатат. Баасы 850-950 сом», - деди ал.
Анын айтымында, жолдошу «сени иштетпей эле өзүм багам» деген принцибин карманат.
«Чабандын кызы болгонум менен, малга жакын болгон жокмун. Каникулда көбүн эсе шаарга кетчүмүн. Ал жактан тигүү цехтеринде иштеп келчүмүн. Албетте, жайлоодо жүрүп калган кездерде апама жардам берип, 5-6 уй саашып, сүт тартып, курут жасаган жумуштарды жакшы эле жасачумун. Негизи апамдын кол өнөрчүлүгү мага көбүрөөк өттү. Жип ийрип, чий согуп, байпак түйүп дегендей. Ушундай жумуштарга шыктуумун.
Жолдошум экөөбүз өзүнчө бөлүнүп жашап баштаганда шырдак алып шырып, түймө түйүп, бир аз киреше тапчумун. Бирок торт менен тапкан кирешем өзүмө жакты. Кол өнөрчүлүк кылганым жолдошума жаккан жок. Кийиз, шырдактан кыл-кыбыр боло бересиң да. Анан ошондон жүдөп, аллергия болуп токтоттуруп койгон. Негизи мени көп аяйт. "Сени иштетпей эле өзүм багам" деп алган. Ошол принципти көп карманат. Мага болсо кошо киреше тапкан жагат. Жалгыз аны карап отура бербей. Өзү курулуш иштеринде иштейт», - деди Акылай Бусурманкул кызы.
Каарманыбыз таттуу азыктарды жасоо ишин уланта берерин кошумчалады.
«Негизи мугалим болууну кыялданып, ушул кесипти тандагам. Бирок айылда көптөн бери эле мугалимдик кесибим боюнча орун жок болуп жаткандыгына байланыштуу жумушка деле кире алган жокмун. Качан мугалим болуп калам, айта албайм. Таттуу азыктарды жасоо ишимди эле уланта берем. Буюрса алдыда дагы көп идея, максаттарым бар. Ишке ашырам деген ойдомун», - деди ал.