Turmush — Кечээ, 16-апрель күнү эртең менен Талас районунун Козучак айылындагы суудан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ал болжол менен 40 жаш чамасында. Милицияга жергиликтүү тургундар кабар беришкен. Алар анын жергиликтүү тургун эмес экенин айтышкан.
Азыркы учурда маркумдун ысымы такталып жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам аракеттер жүргүзүлүүдө.