Turmush — Кечээ, 16-апрелде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында «Кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Жаңылкан Кокумбаева, прокурордун милдетин аткаруучу Эмилбек Мажитов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө боюнча улук тескөөчүсү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери, шаардын имамы Санжар Керимкулов катышты. Алар укук бузуулардын алдын алуу, жаштардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана мыйзамды урматтоо боюнча мазмундуу баяндамаларды жасашты.
Иш-чаранын алкагында кылмыштуулуктун кесепеттери тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, окуучуларга терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, Ч.Түлөбердиев атындагы №2 мектептин окуучулары тарабынан кылмыштуулук темасында тарбиялык сахналык көрүнүш коюлду. Жогорку деңгээлде аткарган окуучуларга китептер белекке берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында жаштарды мыйзамдуулукту сактоого, туура жолду тандап, коомдо активдүү жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырыктар айтылды.