Turmush — Баткен районунда куралы бар адамдар текшерилди. Бул тууралуу БАткен ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кара-Бак милициянын айылдык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү документтери жок 2 даана жана 16 калибрдеги сайсыз 32 курал аныкталды. Аталган куралдардын ээлери аларды өз ыктыяры менен Кара-Бак милициянын айылдык бөлүмчөсүнө өткөрүп беришти.
Ошондой эле укук бузган 38 адамга карата протокол түзүлдү. Ок атуучу куралы бар 94 жарандын курал сактоо эрежелеринин сакталышы текшерилип, аларга эскертүү актылары берилди.