Turmush — Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусундагы Чоң-Алай районунун активи жана тургундары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дароот-Коргон айылынын тургуну Шарабидин Жанботоев жол маселеси боюнча кайрылды.
«Биринчи маселе — Дароот-Коргон—Үч-Коргон жолу. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, бул стратегиялык жол. Райондук калкына жана районго экономикалык жактан маанилүү жол. Көп жылдардан бери иш башталып, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга берилбей турат. Курулушту жандандып, пайдаланууга берүүнү суранабыз. Жеке өзүңүздүн көзөмөлө алууну өтүнөм.
Бул жолдун узундугу 117 км болсо, анын 50 чакырымы биздин райондук №16 жол тейлөө ишканасынын балансында. Бул өтө татаал жол, ал жерге 4 көпүрө, 2 ашуу жол, жолдун жээгин улаш керек, кошумча күч керек», - деди ал.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтоевдин айтымында, Дароот-Коргон—Үч-Коргон жолунун узундугу 120 чакырым.
«Мурдагы жылы долбоорун даярдап бүткөнбүз. Долбоордук баасы 8,5 млрд сом. Биз инвесторлорго да кайрылганбыз. Бизде республикалык жолдорду оңдоо иштери башталган. Алар бүткөндөн кийин этап-этабы менен караш керек же болбосо инвестор менен карашыбыз керек. Жол өтө татаал 3600-3700 метр бийиктикте. Азыркы учурда жергиликтүү маанидеги жол. Биз реконструкция кылып, төртүнчү категорияга чырашыбыз керек», - деди министр.
Садыр Жапаров: «Талдыкка туннель пландаштыралык дебедик беле. Ошол кайсы деңгээлде турат?», - деп сурады.
Министрдин айтымында, бул учурда идея катары эле, техникалык-экономикалык негиздемеси даярдала элек. Туннель 7-8 чакырым болуп, ашууну 20-25 чакырымга кыскартат.
Өлкө башчысы келе жаткан жылдары Талдык ашуусуна туннель курула турганын билдирди.