Turmush — Жети-Өгүз районунда айыл ичиндеги көчөлөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу №35 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Адилет Камбарбек уулу билдирди.
Анын айтымында, учурда 2026-жылга карата иш планына киргизилген долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Атап айтканда, райондогу Жеңиш—Ак-Терек унаа жолунун айыл ичиндеги 1,4 чакырымына асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Быйылкы жылдын планына ылайык, айыл ичиндеги көйгөйлүү деп саналган башка жол тилкелерин оңдоо иштери да улантылары белгиленди.