Turmush —
Баткен облусунда жергиликтүү сот тутумунун жана Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.
Маалым болгондой, мелдеш Баткен облустук соту тарабынан уюштурулуп, ага жалпы 8 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Сүлүктү шаардык соту, 2-орунду Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыгы, 3 орунду Баткен облустук соту ээледи.
Мындан тышкары, турнирдин жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн оюнчулар да аныкталып, аларга атайын сыйлыктар тапшырылды.