Turmush — Бишкек шаарындагы «Каганат» спорт комплексинде өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, мелдешке Кыргызстан менен Казакстандан 2013-2014 жана 2015-2016-жылдары туулган 300 жаш балбан катышты.
Жайыл районунан 20 спортчу катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:
24 кг салмакта — Ырыскелди Мусабаев 1-орунду ээледи. Ал Жон-Арык айылынын тургуну. Машыктыруучусу — Каныбек Джанысаков.
27 кг салмакта — Ариет Самарбеков 1-орунду алды. Ал Ак-Башат айылынын тургуну. Машыктыруучусу — Руслан Атакеев.
30 кг чейин салмакта — Нуркелди Алишеров 3-орунду ээледи. Ал Алексеевка айылынын тургуну. Машыктыруучусу — Мурат Курманалиев.
33 кг чейин салмакта — Муазим Каныбеков 1-орунду жеңип алды. Ал Ставрополовка айылынын тургуну. Машыктыруучусу — Жаркынбек Асылбек уулу.
33 кг чейин салмакта — Раатбек Нурубеков 3-орунду ээледи. Машыктыруучусу — Рустам Мисиров.
44 кг чейин салмакта — Эрбол Осмоналиев 2-орунду алды. Ал Алексеевка айылынын тургуну. Машыктыруучусу — Мурат Курманалиев.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды алган спортчулар Жаштар лигасынын күрөш федерациясынын президенти тарабынан эстелик медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.