Turmush — Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айыл аймагындагы Дмитриевка–Гагарин жолу жана Чоң Чүй каналынын үстүнөн өткөн көпүрөнүн абалы начар. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, алар 1986-жылдан бери жолдо эч кандай оңдоо иши болгон эмес. Андыктан өлкө ббашчысына кайрылууну чечишкен.
«Бул маселе курултайда дагы айтылган. Эч кандай көӊүл бурулбай келет. Өткөндө бир кайрылуу кылып интернетке чыктык элек. Ошондо араӊ аӊ-чөнөктөрдү жасап кетишти. Комиссия келет деп жатышат. Бирок жергиликтүү эл менен чогуу карап, кепилдик беришсин», - деп айтылат маалыматта.