Turmush — Бүгүн, 13-апрелде Талас облустук ички иштер башкармалыгында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Талас облусу боюнча ЖКККБнын башчысы — милициянын полковниги Мустапакул Назаровду ардактуу эс алууга узатууга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Мустапакул Назаров ички иштер органдарына 24 жылдан ашуун иштеди. Талас ОИИБдин башчысы Бактыбек Нарчаев көп жылдык эмгегин белгилеп жетекчиликтин жана өздүк курамдын атынан белектерди тапшырды.
Мустапакул Назаров Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси кызматына 2024-жылдын май айында дайындалган.
- М.Назаров буга чейин Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Ал бул кызматка 2023-жылдын 1-декабрында дайындалган болчу.