Turmush — Бүгүн, 13-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районуна келди. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент жергиликтүү тургундар менен жолугат.
Буга чейин өлкө башчысы Ош шаарынын, Араван, Кара-Суу райондорунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.