Turmush — Нарын облусунда 2025-2026-окуу жылына карата жалпы 152 мектепке чейинки билим берүү уюму иш алып барат.
Маалым болгондой, алардын ичинен 132 мамлекеттик, 18 муниципалдык, 2 ведомстволук, 4 жеке менчик, 1 акселератор программасы боюнча 7 эрте өнүктүрүү борбору (китепкана алдында) балдардын саны 106. 54 кыска мөөнөттүү тайпаларда 1674 бала бар (3 сааттык). Жалпы тарбиялануучулардын саны 16371 баланы түзөт. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын долбоордук кубаттуулугу 13212 орунду түзөт. Жалпы 3317 орунга ашыкча жүктөм байкалууда. Облуста 1-6 жаштагы балдардын жалпы саны 28464 болуп, анын ичинен 11578 бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган эмес.
Ак-Талаа району:
Ак-Талаа районунда жалпы 23 мектепке чейинки билим берүү уюму иш алып барат. Анын ичинен 23 мамлекеттик бала бакча 7 кыска мөөнөттүү (3 саттык) бала бакча бар. Жалпы тарбиялануучулардын саны 1895 баланы түзөт. Мекемелердин долбоордук кубаттуулугу 2000 орунду түзгөнү менен, учурда 1895 бала камтылып 105 орунга ашыкча жүктөм байкалат. 1-5 жаштагы балдардын жалпы сангы 2993 болсо, анын ичинен 1098 бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалбай турат учурда. Камсыздоо көрсөткүчү 59,25% түзүп, муктаждык 40,75% деңгээлде калууда.
Ат-Башы району:
Башы районунда 22 мектепке чейинки билим берүү уюму иштейт. Жалпы 2922 бала тарбияланууда. Долбоордук кубаттуулук 2031 орун болуп, 356 орунга ашыкча жүктөм байкалат. 1-5 жаштагы балдардын саны райондук статмекемесинин маалыматы боюнча 5524 бала, ал эми айылдагы ФАПтын каттоосу боюнча 3386 болуп, анын ичинен 464 бала камсыздалбай калган. Камсыздоо көрсөткүчү 86.2% түзүп, муктаждык 13.8% деңгээлде.
Жумгал району:
Жумгал районунда 33 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюму бар, анын ичинде 28 (10 сааттык), 5 (3 сааттык) бала бакчалары иштейт жана 1 акселератор, 1 эрте өнүктүрүү борбору бар. Жалпы 2662 бала тарбияланууда. Долбоордук кубаттуулук 2165 орунду түзүп, иш жүзүндө 2662 бала мамлекеттик ал эми 12 бала башка түрдөгү уюмдарда тарбияланууда. Райондо 1-6 жаштагы балдардын саны 3577 болсо, анын ичинен 915 бала камтылбай калган. Камсыздоо деңгээли 74%, муктаждык 26% түзөт. Учурда кезектеги баланын саны – 387.
Кочкор району:
Кочкор районунда жалпы 33 мектепке чейинки билим берүү уюму иш алып барат, анын ичинен 31 мамлекеттик, 2 мунципиалдык жана 4 кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакча жана мектеп карамагында (3 сааттык) 4 бала бакча бар. Жалпы тарбиялануучулардын саны 3123 баланы түзөт. Мекемелердин долбоордук кубаттуулугу 2983 орунду түзгөнү менен, учурда 3123 бала камтылып, 140 орунга ашыкча жүктөм байкалат. 1-6 жаштагы балдардын жалпы саны 8121 болсо, анын ичинен 4998 бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалбай турат учурда. Камсыздоо көрсөткүчү 38,5% түзүп, муктаждык 61,5% деңгээлде калууда.
Нарын району:
Нарын районунда 35 мектепке чейинки билим берүү уюмдары бар. 1-5 жаш балдардын саны 3595. Бала бакчага 2985 бала тартылып, камтуу 84% түздү. Мекемелердин долбоордук кубаттуулугу 2094 орунду түзгөнү менен, 2985 бала камтылып, 891 орунга ашыкча жүктөм байкалат.
Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229-т тескемесин аткаруу максатында Нарын районунда төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө, 2023-2024- окуу жылында 12 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 16 тайпа ачылып, 285 бала, бала бакчага тартылган. 2024-2025-окуу жылында 6 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 7 тайпа ачылып, 153 бала, бала бакчага тартылган. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды камтуу 84% түзүп, 2023-2024-окуу жылына салыштырмалуу камтуу 18%га өскөн. 2025-2026- окуу жылында 3 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 3 тайпанын ачылуусу пландалган.
Нарын шаары:
Нарын шаарында 2025–2026-окуу жылына карата жалпы 16 мектепке чейинки билим берүү уюму иш алып барат, анын ичинен 9 мамлекеттик, 4 жеке менчик, 1 кыска мөөнөттүү (3 сааттык), 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү уюму бар.
Жалпы тарбиялануучулардын саны 3267 баланы түзөт. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын долбоордук кубаттуулугу 1939 орунду түзгөнү менен, иш жүзүндө 3267 бала мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде тарбияланып, жалпы 1328 орунга ашыкча жүктөм байкалууда.
Нарын шаарында1-6 жаштагы балдардын жалпы саны 4654 болуп, анын ичинен 1387 бала мектепке чейинки билим берүү менен камсыздалган эмес. Камсыздоо деңгээли орточо 70% түзүп, муктаждык 30% деңгээлде сакталууда.