Turmush — Бүгүн, 10-апрелде эртең менен президент Садыр Жапаров Ош шаарына келди.
Буга чейин өлкө башчынын басма сөз катчысы президент Ош облусуна иш сапары менен бара турганын билдирген. Сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат. Президенттин маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышуусу пландаштырылган.
Turmush басылмасына маалым болгондой, 11-апрелден 15-апрелге чейин Ош облусунда өлкө жетекчилигинин катышуусунда бир нече салтанаттуу иш-чара өтөт. Анын алкагында жаңы билим берүү, медициналык мекемелер жана маданий объекттерди ачуу пландалган.