Turmush — Бүгүн, 10-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 10-апрелден 14-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.