Turmush — Баткен шаарындагы тургун өзү казган 18 метр тереңдиктеги кудукта 16 күн жаткан. Учурда окуянын-чоо жайы белгилүү болду.
Буга чейин Turmush 2026-жылдын 6-апрель күнү Баткен шаарында өзүнүн үйүндөгү кудукка түшүп кеткен адам куткарылганын жазган.
Куткаруучуларга саат 16:44тө Баткен шаарынын 8-март көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 65 жаштагы тургун өз короосундагы суу кудугуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чакырылган. Куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында ал 18 метр тереңдиктеги кудуктан чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
65 жаштагы жарандын куткаруучуларга айтуусуна караганда, ал 22-март күнү өзү казган 18 метрлик суу кудугуна суунун тартылбай калганынан колдо жасаган шаты менен түшкөн. Бирок шаты сынып кеткендиктен ал кудукта калып калган. Шатынын сыныктары менен өзүнө жай казып, суудан өйдө отурган. Телефону сууга түшүп кеткендиктен кыйкырып, бирок тереңдиктен үн сыртка чыккан эмес.
Ал эми 6-апрелде, тактап айтканда 16 суткадан кийин кошуна балдардын жардамында анын кудукта экени байкалып, куткаруучулар чакырылган.
Учурда жабырлануучу медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Анын абалы туруктуу деп бааланып жатат.