Turmush — Манас районуна караштуу Манас айылынын 51 жаштагы тургуну Таалайбек Укеев 30 жылдан ашык суу чарбасында иштеген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, учурда ардактуу эс алууда.
«1978-жылы мектеп босогосун аттап, 1988-жылы орто мектепти аяктадым. Балалык жана жаштык чагым айыл турмушу менен тыгыз байланышта өтүп, эмгекке болгон сүйүүм ошол кезде эле калыптанган. 1989-жылы аскердик кызматка чакырылып, Россиянын Хабаровск аймагында кызмат өтөдүм. 1991-жылы мекениме кайтып келип, ошол эле жылы Манас райондук суу чарба башкармалыгында эмгек жолумду баштадым. Бул тармакта 2024-жылга чейин иштеп, бул кызматты өткөрүп берип, учурда ден соолугума байланыштуу үйдө эс алып жатам.
Үй-бүлөм мен үчүн эң чоң байлык. 1992-жылы үйлөнгөм. Жубайым менен бирге 4 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк. Бүгүнкү күндө 2 уулумду үйлөнтүп, кызымды турмушка узатып, 9 неберенин чоң атасы болуп, бактылуу өмүр сүрүп жатам. Өмүрүмдүн ар бир этабында эл менен бирге болуп, колдон келишинче кызмат кылууга аракет кылдым. Мен үчүн эң чоң сыймык элдин ишеними жана үй-бүлөмдүн бактысы.
Ушул жумушта жүрүп, кызыктуу учурду айта кетсем, 2006-жыл болчу. Жазында алгачкы суугат суу каналдарга коё берилерге жакын шлюздарды тазалайбыз. Тазалап жүрсөм эле бир бала тыгылып калгандай көрүндү. 5-6 жаштагы бала тыгылып калыптыр. Мага көзү көрүнүп жатат деп талаадан иштеп кетип жаткандарды жардамга чакырдым. Келип эле 3-4 киши тазалай баштадык. Баягы бала дегенибиз, 70 кг балык болуп чыкса болобу. Ошончо чоң балыкты мен эле эмес, баягы чыгарышып жаткан кишилер дагы көргөн эмес экен. Ал жактан балыкты алып чыгып, шлюзду толук тазалап, жарым айылга бөлүп берген элек», - деди ал.