Turmush — Ош облусунда милициянын көчмө кабылдамасы аймактарда ишин улантууда. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жарандардын даттанууларын жана арыздарын чечүү максатында учурда милициянын 7 көчмө кабылдамасы иш алып барууда. Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы аймактарга чейин айылдарды кыдырып, элдин көйгөйлүү маселелерин угуп келүүдө. 3-апрель күндөрү Ош облусунун Араван, Алай, Ноокат, Кара-Суу, Кара-Кулжа, жана Чоң-Алай райондорунда милициянын көчмө кабылдамасы элдин арыз-муңун угуп, укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ушул жылдын 3 ай ичинде жалпысынан айылдарга 227 жолу чыгуулар уюштурулуп, анда 553 жаран ар түрдүү маселелер боюнча кайрылышкан. Жалпы 206 арыз жана даттануулар алынып, тийиштүүлүгү боюнча мамлекеттик органдарга жөнөтүгөн, ал эми 185 жаранга жеринде юридикалык кеӊештер берилип, ар кандай укук бузуулар боюнча 64 протокол толтурулган.