Turmush — Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматы көлдүн акваториясында күнүмдүк тазалоо иштерин активдүү улантууда.
Иш-чаранын алкагында Түп районундагы көл акваториясында бир күндүн ичинде көл түбүнөн узундугу 300 метрге жеткен эски синтетикалык торлор атайын тырмоо шаймандын жардамы менен чыгарылды.
Бул торлор узак убакыттан бери көлдүн экосистемасына олуттуу коркунуч жаратып келген. Алар суу алдындагы жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирип, балыктардын жана башка тирүү организмдердин эркин жашоосуна тоскоол болуп келген.