Turmush — Жалал-Абад облустук соту Токтогул районундагы айылдан баңгизат боюнча кармалган 30 жаштагы кишинин ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Бөрүкул (аты өзгөртүлдү С.Б.С.) 1996-жылы Токтогул районунда туулган. Мурда соттолгон эмес.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, 2025-жылдын 5-сентябрында түнкү саат 01:30 чамасында Бөрүкулдун жашаган үйүнө тинтүү жүргүзгөн кезде короосунда жайгашкан бастырманын (кладовканын) ичинде турган сандыктын ичинен желим баштыкка салынган, өңү жашыл түстөгү кескин жыты бар, салмагы 1 кг 692 гр жана эрчишме бөлмөдөгү темирлердин арасынан салмагы 182 гр болгон, жалпы салмагы 1 кг 874 гр болгон баңгизат табылган.
- Соттук-химиялык экспертизанын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, биринчи баштыкта 1 кг 682,17 гр, экинчи баштыкта 172,79 гр, жалпы салмагы 1 кг 854,96 гр кургатылган марихуана баңгизаты салынганы такталган.
Бөрүкул бул факты боюнча Токтогул райондук сотунун 2025-жылдын 5-ноябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүмү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 5-сентябрынан баштап эсептелген.
Бөрүкул аталган өкүм менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган. Ал иштин материалдарында жоопкерчилигин оордотучу жагдайлары жоктугун, тескерисинче жеңилдетүүчү жагдайлары бар экенин айтып, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза өтөөдөн бошотсо болорун белгилеген. Токтогул районунун Үч-Терек айылында иниси менен чогуу жашап келген. Иниси кант диабети менен ооругандыгына байланыштуу анын тынымсыз көзөмөлүмдө болуп келген. Ошондуктан соттук коллегиядан Токтогул райондук сотунун 2025-жылдын 5-ноябрындагы өкүмүн өзгөртүп, пробациялык көзөмөл колдонуп берүүнү суранган.
Бөрүкул облустук сотто апелляциялык даттануусун колдоп, коюлган айыпты толугу менен мойнуна аларын, шайтанга азгырылып калганын, экинчи бул ишке барбай турганын айтты. Ата-энеси жок болгондугуна байланыштуу эжеси чуркап жүргөнүн, баңгизатты 3 жыл мурун чегип баштаганын, акыркы күндөрү бул нерсеге көз каранды боло баштаганын, камактан чыкса баңгизатка жолобой турганын кошумчалап, Токтогул райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, камактан чыгарып берүүнү суранды.
Прокурор апелляциялык даттанууну колдобой, биринчи инстанциядагы соттун өкүмү мыйзамдуу жана негиздүү экендигин көрсөтүп, Токтогул райондук сотунун 2025-жылдын 5-ноябрындагы өкүмүн күчүндө калтырып берүүнү сураган.
Облустук соттун өкүмү:
Жалал-Абад облустук соту 2026-жылдын 14-январында иштин материалдарын карап чыгып, Токтогул райондук сотунун Бөрүкул жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Анын апелляциялык даттануусу канааттандырылган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.