Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Шарк айылында бильярд ойноочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 23-март күнү таңга жуук У.Садыков көчөсүндө жайгашкан имаратта чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 04:25те 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 05:52де чектөөгө алынып, 08:57де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар катталган жок.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 391 чарчы метрди түздү.