Turmush — Айгүл Закирова бүгүн, 23-март күнү президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Аны облус активине президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору Илимбек Жумагулов тааныштырды.
Айгүл Закирова буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.
- Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буга чейинки орун басары Мира Сейдикеримова 2-март күнү Айтматов районунун акиминин орун басары болуп дайындалган болчу.