Turmush — Ысык-Көл районун мал уурулукка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, 3-мартта Ысык-Көл районунун Темир айылдык милиция бөлүмчөсүнө Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын тургуну А.К. арыз менен кайрылган. Ал 2-марттан 3-мартка караган түнү өзүнө таандык 3 жаштагы кочкору сарайдан уурдалып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1 беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам издөө чараларынын натыйжасында шектүү катары Бишкек шаарынын 2005-жылы туулган тургуну А.Н. кармалган. Ал сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө уурдалган мал сатылып кеткендиги аныкталып, милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында мыйзам чегинде ээсине кайтарылып берилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.