Turmush — Ош облусунун жетекчилиги бир нече лабораторияларды кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышышты.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, 2026-жылдын 13-мартында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бир катар лабораторияларды жана тиешелүү мекемелерди кыдырды. Облус жетекчилиги алгач Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясында болуп, мекеменин иш процесси, жүргүзүлүп жаткан анализдер жана кызмат көрсөтүү тартиби тууралуу маалымат алды.
Андан соң Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облустук аймактык башкармалыгынын ишмердүүлүгүн көрүштү.
Облус башчысы эки мекеменин иши менен таанышып, жетекчилерден жана адистерден маалымат алды. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, эски иш ыкмаларын жаңылоо жана заманбап ыкмалар менен иштөөгө өтүү боюнча бир катар сунуш-пикир айтылып, бул багытта колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.
Мындан тышкары ыйгарым укуктуу өкүл Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасынын «Түштүк регионалдык топурак-агрохимиялык станциясы» филиалында болду. Ал жерде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, мекеменин ишмердүүлүгүн сынга алып, аны жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
- Түштүк регионалдык топурак-агрохимиялык станциясы — Кыргызстандын түштүк аймагындагы айыл чарба жерлеринин абалын изилдөө жана топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштеген адистештирилген мамлекеттик мекеме.
Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы Кара-Суу шаарындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин Ош–Баткен аймактар аралык башкармалыгында да болуп, мекеменин иши менен таанышып, ишти жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.