Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 7 жылдык туя арчасы жана бак-дарак көчөттөрү сатыкка коюлду.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Беловодск айылы райондун борбору болуп саналат. Айылдагы базарда 5 аймактын жана коңшулаш райондордун айрым тургундары соода-сатык жүргүзүшөт. Учурда 7 жылдык туя арчасы, бак-дарактардын жана декоративдүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрү сатыкка коюлду.
«Мен көп жылдан бери багбанчылык менен алектенем. Учурда 10 сотых аянтка алма, өрүк, туя арчасы жана башка бак-дарак көчөттөрүн өстүрөм. Алардын жетилгенин сатыкка алып чыктым. Бийиктиги 1 метрдей болгон 7 жылдык туя арчасынын көчөтүн 1,5 миң сомдон сатып жатам. Албетте, атаандаштык жок эмес. Баары эле сапаттуу көчөттү алгысы келет. Бирок аны тандай билүү да керек. Эгер каалоочулар болсо үй короомдон өздөрү тандап, казып алса да болот. Ал эми түрдүү сорттогу алма, өрүк, алча жана башка көчөттөрү 200-250 сомдон сатылууда», - деди Петровка айылынын тургуну.