Turmush — 14-мартта Кант шаарында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаа менен «Мазда» үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүштү. Алардын бири ала салып кетсе, экинчисин зым карагай басып калган.
Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматка караганда, бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок.