Turmush — Жалал-Абад облусунун аймагында бир суткада 6 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы суткада облус аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыктан тайгак жолдо кырсыктар орун алган.
«Сутка ичинде дубанда биздин кызматкерлер каттаган 6 жол кырсыгы орун алып, андан 2 киши жараат алып, бейтапкага кайрылган. 4 кырсыкта материалдык гана зыян келтирилген. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган эмес. Кырсыктардын басымдуусу тайгак жолдо орун алган. Мындан улам айдоочулар кайдыгер болбой, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып жүрүүсү зарыл», - деп айтылат маалыматта.
-----------------------------------------------------------
Буга чейин Кыргызгидромет 10-11-марттарда Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, деп билдирген.
11-мартта мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -11…-16°, күндүз -8…-13°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -8…-13°, бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -23…-28°, күндүз -6…-11° суукка чейин төмөндөйт.