Turmush — Кадамжай шаарынын Малика Саттарова үй-бүлөсу менен гүл өстүрүп, сатып киреше табышат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, анын короосунда гүлдүн 100дөн ашык түрү өсөт. Мындагы гүлдөргө өлкө боюнча кардарлар чыгат. Гүлдөр Ошко, Бишкекке жана Баткенге сатылат. Ар күнү ар облуска жиберишет. Мындагы гүлдөр тамыры менен сыртка тигилчү жана идиште үйдө өскөн гүлдөр. Алардын эң кымбаты 7000 сом болсо арзаны 50 сом. Жыл сайын гүлдөрдун да түрлөрү чыгып суроо-талап күчөгөн гүл трендке айланат. Мисалы азыр «штамповой» розага суроо-талап жогору. Ага кызыккандар арбын
«Азыр 8-мартка чейин түбөктөгү бөлмө гүлдөрү көп чыгат. Анткени майрамга карата ушул гүлдөр жакшы сатылат. Азыр алардан орхидеа, антириум, цикламен гулдөр сатылып жатат.
А роза гүлдөрүн марттан баштап алышат. Анын да 43 түрү бар. Быйыл «штамповой» сорту жакшы кетип жатат. Бул дарак сымал бийик көтөрүлүп башынан топ болуп гүлдөйт. Тикени бары, жогу бар. Ал кыйыштырган сортко карайт. Көбүнчө ит мурунга улашат анда тикендүү болот. Ал эми Кытайдан алынган көчөттөр болсо, тикенсиз, даяр гүлдөп турат.
Корообузда болсо бардык түрүнөн көчөттөр бар. Жыты бары жогу, тикендүү тикенсиз, голланд розалары. Кардарлар өлкө боюнча бар. Ар күнү жиберебиз. Суктангандар көп биздин гүлдөргө. Ар бир кардарга сатылып жаткан гүлдүн кандай гүл экенин, кандай шарттар, сууну кандай талап кылат, керектүү минералдар дарылары, топурагына чейин айтып берип сатам. Анткени ал адам да гүлдү андан ары карап камкордукка алышы керек.
Бизде азыр кар эми эле кетип жатат. Жазында корообуз гүлгө толот. Азыр болсо чакан күнөсканабызды чоңуна алмаштырганы жатабыз. Корообузда ар 4-5-6 сотых жерлерине топ топ гүлдун түрлөрүн эгип тигип салганбыз. Алар ошол убактысына жараша алынып сатылат. Мисалы глобус, хризантема сентябрь айында даяр болот. Анын да 8-9 түсү бар топ-топ болуп гүлдөйт. Көп жылдык, тамырдан көбөйөт. Розалар болсо азыр даяр, азыр тигүү керек», - деди ал.
Малика Саттарова жолдошу менен баш кошкондон бери бул гүл бизнесин колго алган. Анткени ал бала чагынан эле ата-энеси менен бирге гүл өстүрүү менен алектенип келген
«Мен бала чактан эле гүл менен өстүм. Ата-энем да гүл өстүргөн чарбагерлер болгон. Кийин жолдошумду да үйрөтүп, 5 балам тең биз менен жапа тырмак суу ташып, тигишип, ташышып гүл менен чоңоюшту. Азыр чон кызым студент болду. Жолдошум менен ар күнү ушинтип райондорго гүл салабыз. Ташып жүктөшүп берет. Мындай айтканда үй-бүлөлүк бизнес. Жайы-кышы гүл менен убарабыз.
«Гүлүңүздү соолутуп же өстүрө албадым» дегендерге таң кала берем. Мен бир да тиккен же эккен гүлүм өспөй көктөбөй калбаптыр. Жөн эле сайып койсом да көктөп кетет. Бул да болсо өнөр окшойт. Кызыгуум да аябай күч. Бир менин гүлдөрүмдөн айырмаланган гүл болсо анын акчасына да карбай алып өстүрөм. Өзүмө камелия деген гүл аябай жагат. Бирок баарын эле жакшы көрүп өстүрөм», - деди ал.