Turmush — 15-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде алтын казуучу «Full Gold Mining» компаниясы «Фулл голд достук үйү» деп аталган жаңы башкы жатакана менен ачык спорттук аянтчаны расмий түрдө ачты.
Аны менен бирге кен казылуучу аймактын батыш бөлүгүндө кызматкерлер үчүн 5 жаңы жатакана менен кеңсе имараттарын камтыган жаңы конуш колдонууга берилди. Ачылыш аземге 100дөн ашык конок катышты. Коноктордун арасында Кыргызстандын тоо-кен метталургия кесиптик бирлигинин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкер өнөктөштөр болду.
«Фулл голд достук үйү» жатаканасынын башкы имараты 2700 чарчы метр аянтты ээлейт, анын 1800 чарчы метри турак жай үчүн бөлүнгөн. Андагы 78 бөлмөнүн ар бири жуунучу бөлмө менен жабдылган. Башкы имараттын 1-кабатында кыргыз жана кытай тамактары берилген — аянты 900 чарчы метрлик ашкана, намазкана, медициналык борбор, спорт зал жана кофе дүкөнү жайгашкан.
Мындан тышкары, компания ноябрь айына чейин бул имараттын сыртындагы аймакты жашылдандырып, аянты 3000 чарчы метрден аша турган сейил бак уюштурууну пландап жатат. Кен казып алынган аймактын батыш бөлүгүндө жайгашкан 5 жаңы имараттын аянты 2160 чарчы метрди түзүп, 75 жатакана бөлмөсүн, ошондой эле мончо, кеңсе жана ашкананы камтыйт. Компания бул конуштун айланасын дагы ноябрь айына чейин жашылдандырып, 2000 чарчы метрден ашык аянтты сейил бакка айландырууну пландоодо.
«Lingbao Gold Group» («Full Gold Mining» компаниясынын негизги акционери) аткаруу комитетинин төрагасы Ван Пинжан бул иш-чара башталышы гана экендигин айтты. Анын айтымында, алдыда дагы өзгөчө иш-чаралар болот.
Ван Пинжандын иш-чарага катышып, «Full Gold Mining» компаниясын каржылык гана эмес, казып алуу жана эритүү технологиялары боюнча да колдоону улантаарын айткан сөзү, компания «Lingbao Gold Group» үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айгинелейт.
«"Lingbao Gold Group" келечекте "Full Gold Mining" компаниясынын Кыргызстанда өнүгүүсүнө жардам берип, мындан да чоң ийгиликтерге жетишүү үчүн келечекте дагы да көп каражат жана ресурстарды жумшайт. Мындан тышкары, компания Кыргызстандагы жаңы кендерге инвестиция салуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү активдүү издеп жатат. Муну менен биз өлкөдө дагы көп жумуш орундарын түзөбүз деп үмүттөнөбүз», - деп түшүндүрдү Ван Пинжан.
«Full Gold Mining» компаниясынын президенти Ву Лиминдин айтымында, «Фулл голд достук үйүнүн» айланасында аянты 2800 метрге жеткен спорттук аянтча салынган. Ал баскетбол, бадминтон, волейбол корттору, ошондой эле стол тенниси үчүн үстөлдөр жана машыгуу шаймандары менен жабдылган.
«Компания 2007-жылы негизделген. Инвестициянын жалпы көлөмү 20 млрд сомдон ашкан, ал эми төлөнгөн салыктын суммасы 7 млрд сомдон ашат. 2025-жылы эле 1,8 млрд сомдон ашык салык төлөнгөн (быйыл кыргыз өкмөтүнө берилген кайтарымсыз жардамды эске албаганда)», - деди ал.
«Full Gold Mining» компаниясынын кадрлар боюнча адиси Асел Муктарова кен казуучу жайда 700гө жакын адам иштеп жатканын белгиледи. Алардын 600гө жакыны Кыргызстандын жарандары: көпчүлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорунан болсо, 20дан ашык адам өлкөнүн башка аймактарынан келген жогорку квалификациялуу кызматкерлер. Калган жумушчулар жана адистер Кытайдын жарандары.