Turmush — Манас районунун Молдо Асан айылынын 66 жаштагы тургуну Сайракан Канаева чокойлордун түрлөрүн жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, өзүнүн кесиби боюнча ашпозчу.
«Мен 9 бир туугандын бешинчисимин. Молдо Асан айылына келин болуп келгениме 46 жыл болуп калды. Жолдошум 4 жыл мурун көз жумду. Өзүм кесибим боюнча ашпозчумун. Союз учурунда иштедим, андан соң үйдө болуп, пенсияга чыктым. Өзүмдүн бутум ооругандыктан, ар кандай жолдорду издеп баштадым дагы интернеттен ушул жүн чокойлорду көрүп калып, чеберлердин онлайн сабактардан үйрөндүм. Жасоо процесси мага абдан кызыктуу болду. Анан алгач биринчи эле жасаган чокоюмду тизеге чейин кылдым да, түндө кийип жатканды адатка айланттым. Ошентип отуруп, бут оорум жок болду.
Анан 5 жыл мурун элге дагы жасап сатып баштадым. Эл үчүн абдан пайдалуу буюм экен деп сунуштап баштадым. Азыр кардарларым көп. Баары ушул учурда буйрутма беришет. Күн жылууда кышкыга даярдык кылып жасап коём. Үйдө келиним, 3 небере кыздарым бар алар жардам беришет. 1 күндө бир чокой жасайбыз. Жүндү алгач тыттырып келип, кылдарын терип, боекко салып даярдап алам. Анан жүндү сууга салып, самын менен иштейм. Ошендой процесс менен чокой жасалат. Бул дагы өзүнчө кызыл мээнет. Ошого баасы дагы татыктуу 1000 сомдон жогору сатылат. Бирок ден соолукка абдан пайдалуу, кышында сыз өтпөйт, жылуу.
Азыр ушундай көргөзмөлөргө дагы чакырышат. Ал жактан дагы кызыгып алып кетишет. Эл көбүнчө бул бут кийимди улгайган адамдарга алышат. Алар ирети менен бөлмө ичинде кийишет. Анан менин кардарларым өзүм курактуулар деп өзүмдүн бутума ылайыктуу кылып жасайм. Бир алган кардар кайра эле жыл сайын буйрутма бере берет», - деди ал.
Чебер айым 1 уул, 3 кыз, 3 неберенин апасы.