Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 7 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашап жатат. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, коркунучтуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо китебинде шаардын аймагында калктуу конуштарга, турак үйлөргө, социалдык объектилерге кооптуулук жараткан жалпы 20 кооптуу аймак катталган. Анын ичинен 1 жер көчкү, 13 сел каптоо, суу ташкыны, жээк эрозиясы, 6 таш кулоо коркунучу бар аймак бар.
Кара-Көл шаардык жарандык коргонуу комиссиясынын чечимине ылайык, кооптуу делген участкаларда жалпысынан 2024-жылдын башына карата 7 кожолук (үй-бүлө) жашап келген. Мамлекеттен жардам жана жер тилкесин албагандар 3 кожолук, жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөгөн 4 кожолук бар. Аталган турак жай ээлерине жаз айларында атайын эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык планынын негизинде 2025-жылдын 16-18-апрель күндөрү Нарын облусунун аймагында республикалык команда-штабдык машыгуу өтүп жатат. Машыгуунун алкагында Кара-Көл шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын өздүк курамы, күч каражаттары жана инженердик техникалары саптык кароого тизилди.
Кара-Көл шаарынын Кулданбаев, Төш-Мазар көчөлөрүндөгү узундугу 950 метр болгон сел каналын тазалоо иштерине шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 3 бирдик техника тартылды. Натыйжада 27 турак жай, 450 метр ички чарбалык жол корголот.