Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 26 жаштагы тургуну Айжан Исаева. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
«Мен 1998-жылы Балыкчы шаарында жарыкка келгем. Мектепти аяктаган соң, жогорку окуу жайга тапшырган жокмун. 18 жашымда Түркиянын Стамбул шаарына келе бергем. Негизи эле бул жакта эмгектенип жашоо кыялым болчу, анан кошуна эженин сунушу менен барып калдым.
Жаңы келгенде баары эне тилинде сүйлөп, көрнөк-жарнактары да түркчө болгону, көпчүлүк үй жана имараттарда мамлекеттик желектин илинип турганы абдан таң калтырган. Анткени бизде Кыргызстанда өз эне тилин чанып, орус тилинде сүйлөгөндөр жок эмес. Ал эми кыргыз туусу район-шаарлардын борборунда эле илинип турбаса, башка жерлерде чанда кездешет.
Жашоо шарты мурун жакшы болчу, тапкан акчабыз өзүбүз менен катар чет өлкөлөргө да саякаттоого жетчү. Азыр бир топ эле оорлошуп кетти. Баары кымбаттап, виза жактан да кыйынчылыктар боло баштады. Бул жакта кыш мезгили өтө суук эмес болгону жагат. Түрк эли: "кыргыздар байыркы түрксүңөр" деп, бизге жакшы мамиле кылышат. Бул жакта эмгектенген мекендештерибиз абдан көп. Жолугушуулар болуп турат, андай жерден калбаганга аракет кылам», - деди ал.
Айжан айым кыз узатуу аземи жана үйлөнүү тою кандай өткөнүн айтып берди.
«Алгач келген 3 жыл үй жумушунда эмгектендим. Анан сулуулук салонунда жаңыдан иштеп баштаганда жолдошум Аскат менен Инстаграм аркылуу таанышып калдым. Жалпы тааныштарыбыз деле көп экен, бирок бири-бирибизди таанычу эмеспиз. Аскат 1992-жылкы, Ак-Суу районунун Жергез айылынан болот. Сүйлөшүп баштагыныбызга 2 айга жетпей эле үйлөнөм деп баштаган. Жолдошум жөнөкөй, жардамын аябаган, аял кишини сыйлаган, аябай түшүнүктүү адам. Ошону баамдап, үйлөнөбүз дегенде мен дароо эле макулдугумду бергем. Ошентип, 1 жылга жетпей үйлөндүк, кыз узатуу аземин онлайн өткөргөнбүз. Ал эми үйлөнүү тойго ата-энелерибиз жаныбызга келишип, кайненем менен ошондо биринчи жолу көрүшкөнбүз. Кудайга шүгүр, учурда 2 кыздын ата-энесибиз, экөө тең Стамбул шаарында төрөлүштү.
Мага "Түркияда жүрөсүң, түрккө тийип кетпе" деп көп айтышчу. Бирок мен эч качан түрк жигитине турмушка чыккым келчү эмес. Чет элге чыгып, дүйнө таанымы өскөн кыргыз жигити менен баш кошомун дечүмүн. Жолдошумдун Түркияда иштеп жүргөнүнө 11 жыл болуптур, ага чейин Россиянын Москва шаарында эмгектенип жүргөн экен. Учурда Түркия—Казакстан каргосунда иштейт. Мен салондо кирпик, тырмак жасап иштечүмүн. Азыркы тапта 2 кызымды карап, үйдө отурам.
Кыргызстанга 3-4 жылдан кийин барууну пландап жатабыз. Улуу кызым азыр 3 жашта. Мектепке барчу куракка жетип калганда, өз мекенибизге кайталы деп пландап жатабыз», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.