Turmush — 43 жыл билим берүү тармагында эмгектенген маркум педагог Тагайбек Шабданов Таш-Көмүр шаарынын «Ардактуу атуулу» болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Сагынбек Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, шаардык кеңешке бул сунуш менен шаардык билим берүү бөлүмү кайрылган.
«Маркум агай өмүрүнүн 40 жылдан ашык убактысын билим берүү тармагына арнаган экен. Ал алгач жумушун катардагы мугалимдик кызматтан баштап, кийинчерээк мектеп директору болуп, андан соң шаардык мэрияда да иштеп, кийинки жылдары шаардык билим берүү бөлүмүндө жетекчи кызматын аркалап жүрүп каза болду.
Таш-Көмүр шаарынын 30-чакырылышынын депутаттарынын 7-сессиясында шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан агайды «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүү боюнча сунуш келип түшкөн. Ошол күнү сессияга 31 депутаттын 24ү катышып, жабык түрдө добуш беришти. Депутаттардын баары бир добуштан колдошуптур. «Ардактуу атуул» наамын 31-август — Эгемендүүлүктүн 31 жылдагында маркум агайдын үй-бүлөсүнө тапшырабыз», - деди Сагынбек Кудайбердиев.
- Таш-Көмүр шаарында 20дан ашуун «Ардактуу атуул» бар. Аларга коммуналдык чыгымдары төлөөдө жеңилдиктер каралган.
Шабданов Тагайбек Козубекович 1955-жылы 18-майда Таш-Көмүр шаарында туулган. Ал 2020-жылы 7-сентябрда көз жумган.