Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 10.12.2014 17:10

Айыл турмушу: Аксынын Итагар айылындагы жалгыз орус жаранын айылдыктар «Галстукчан Витька» деп аташат (фото)

Turmush -  галтЖалал-Абад облусунун Аксы районунун Итагар айылында көп кыргыздын арасында жалгыз орус жашайт. Виктор Михаиловдун бул жерге келип жашап калганына 17 жыл болду. Бул убакытта ал эки гектардай жерди бакка айлантып, мөмө-жемиштин түрүн толтуруп өстүрөт.

Turmush басылмасынын кабарчысынын маалымдашынча, аны тааныгандар азыр аны атынан айтпай, Ггалстукчан Витька» деп айтышат. Анткени ал иш кылса да, талаага чыкса да галстугун мойнунан түшүрбөйт.

Аксы районунун алыскы Итагар айылынын жакасында жашаган Виктор Михаилов, анча чоң эмес үйү менен кошо эки гектардай жерге ээлик кылат. Бүтүн дүйнөсү, чарбасын бардыгын ушул жерде жүргүзөт. Анын тоодой мээнети менен мындагы боз талаа азыр өзүнчө бакка айланган.

Михаилов: «1996-жылы алгам ушул жерди. Ошондон маңдай теримдин баарын ушу бакка, короомо жумшап келем. Кадимкидей эле ижара төлөп иштетем. Мында азыр баары бар. Кайнаалы, бийалма, алма, терек, бай терек, алча, өрүк кыскасы бак-дарактын түрү көп. Карагай, арча, кайың, жаңгак бүт отургузуп чыктым. Кеминде ар биринен 50-60 түптөн, 1000-2000 түпкө чейин бар. Мунун баарын өстүрүү чынында кыйын иш. Бирок мага ушундай баганчылык кылган жагат. Иштейм деген адам иш табат. Жанын каалаган жерде бага алат», - дейт.

Михаилов Аксыда аары багуу боюнча да алдына адам салдырбайт. Бал челектери аз болсо да, анын аселин талашып кеткендер көп. Кошумча элдин аарыларын да карашат.

«Өткөн жылы 30 бал челектен 700 кг бал алдым. Өзүм балды көп деле жебейм, жесем деле үй-бүлөмдөн ашып кетет. Муну эми көбүнчөсүн сатам. Бишкектен да сурашат. Бирок көбү ушу Аксыдан эле ашпай калат. Өзүмдүн аарыларымды карап бүтүп, анан коңшулардыкына, башка айылдардагы бал челек карагандарга барып да жардам берип турам. Бул да эми өзүнчө бир искусство да...», - дейт Виктор.

Анын сөзүн айылдашы Алмазбек Анаркул уулу да бышыктайт.

«Биздин райондо Витьканы таныбаган адам жок болсо керек. Анын элге берген жардамы чоң. Райондун бардык жерлерин кыдырып аары карайт. Бул кишинин тажрыйбасы көптүгүнөн эл аары багуу боюнча толтура кеңештерди алып турушат. Чогула калганыбызда чай ичип олтурсаң, бул киши эми баарлашуу боюнча өзүнчө эле бир кен», - деди ал.

Виктордун Итагар айылына келип жашап калганына туура 17 жыл болду. Өзү деле Аксынын борбору Кербен шаарында туулган.

Балдары менен жубайы жумуштап, райондун борбору Кербенде Орусияда жүрүшөт. Бир үйдө өзү жалгыз калганына карабай, Виктор «жагып калган жерден кетким жок» деди: «Менде үч бала, үч келин, сегиз небере бар, ана бир аялым бар. Бир балам Орусияда, бири Бишкекте, бири болсо мага жардам берү үчүн Аксыда жашайт. Балдар мени аябай жакшы карайт, эмне керек баарын алып келип турушат, өздөрү да тынбай келип турат. Бирок негедир жайлоодон кетким келбейт, жалгыз болсом деле жүрө берем. Баары чогула калып менде конок болуп кетишет. Мен бул жерде айылдагылар менен бүт эле катнаштамын. Жашоом дээрлик кыргыз эле болуп калды окшойт», - дейт багбан.

74 жашка чыкканына карабай Михаилов өзүнө тың. Анын баардык сыры тоонун чөп дарыларын күндө ичип турганында. Жубайы да медик болгондуктан, экөө элдик медицинадан да кабардар. «Анан тоолордон тере калган дары чөптөрдөн чай жасап ичип жүрөм» -дейт ал.

«Ал боюнча көбүнчө аялым билет. Өзүм дагы чөптөрдү жакшы эле билем, мен тоого чыгып аларды таап келем. Анан чөптөрдү кургатып коем. Кийин балдаргада берип жиберем. Ден соолугум да ошого жакшы», - деп сөзүн аяктады «Галстукча Витя».

галстук

галутукчан витка

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×