Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 01.12.2014 12:12

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында 14 балалуу, 50 небереси жана 43 чөбөрөсү бар 87 жашар баатыр ата жашайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында расмий түрдө 128 баатыр эне катталган, деп маалымдалат шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Кара-Көл шаарына жакын жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 14 балалуу, 5 уулу жана 9 кызы бар баатыр ата Абат Рыскулов жашайт.

А.Рыскулов 1928-жылы туулган жана быйыл 87 жашка чыгат. Ад жашына карабастан бир да жолу оорубагандыгын билдирди.

«Мен оору эмне экенин билбейм. Оң көзүм гана жакшы көрбөй калды, бирок бул карылыктан улам. Негизи мен өзүмдү жакшы сезем. Жайында ат минем, мусулман болгондуктан таңкы саат 4тө туруп, 5 маал намаз окуйм. Андан соң койлорду жайлап, короону шыпырам. Балдарымдыкына жана неберелериме конокко барып турам. Менин 14 балам, 50 неберем жана 43 чөбөрөм бар. Балдар менин байлыгым. Балдырымдын апасы Найча Рыскулованын 2012-жылы көзү өтүп кетти. Жубайым экөөбүз 65 жыл бирге түтүн булатып, балдарыбызды тарбияладык. Алардын баары жогорку билимге ээ болуп, баарын үйлөнтүп, бөлдүк. Азыр мен кичүү уулум Талант жана анын үй-бүлөсү менен жашайм», - деп билдирди баатыр ата.

Рыскуловдун айтымында, анын улуу кызы Шаршенкүл Абатова быйыл 62 жашка чыгат. Ал мектепте мугалим болуп иштейт. Ал эми, эң кичүү уулу азыр 36 жашта. Анын тун небересинин аты Улан жана биринчи чөбөрөсү Айзирек.

«Советтер Союзу мезгилинде мен «Эмгек баатыры» орденин алгам, тракторист, механик, комбайнер, унааларды тейлөөчү мекемеде айдоочу болуп иштегем. Жылпысынан 60 жылдык эмгек тажрыйбам бар. Өмүр бою мага аксакалдар ден-cоолук жана көп бала тилеп, бата берип келишкен. Буюрса жакында 90го чыгам, балдарым да көп. Учурдан пайдаланып, жаштарга бата бергим келет. Бакубаттыкта узун өмүр сүргүлө, силердин да балдарыңар көп болсун. Улууларды сыйлагыла, көп эмгектенип, бактылуу болгула», - баатыр ата.

IMG-20141130-WA0007

IMG-20141130-WA0019

IMG-20141130-WA0012

IMG-20141130-WA0015

IMG-20141130-WA0010

IMG-20141130-WA0011

IMG-20141130-WA0020

IMG-20141130-WA0016

IMG-20141130-WA0014

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×