Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Ротациянын негизинде Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басарлыгына Т.Темирбаев дайындалды

Turmush -  Буга чейин Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэр кызматын аркалаган Урмат Маматов Жалал-Абад шаардык мэриясынын курулуш жана коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалса, ротациянын негизинде социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басарлыгына Турдалы Темирбаев дайындалды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Таирбек Чойбеков кызматтан туура эмес алынганы боюнча доо арыз менен Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылып, соттун чечими менен кайрадан кызмат ордуна келген.

«Мен бул кызматка 2013-жылдын 18-апрелинен баштап муниципалдык кызматкерлер үчүн сынактын жыйынтыгы менен келип иштеп жаткан элем. Бирок, 2014-жылдын 8-июлунда сот аткаруучулар бул орунга Урмат Маматов да соттун чечиминин негизинде келгендигин кабарлашты. Мен, өз укугумду коргоо максатында «өз каалооң менен арыз жаз» дешкендерине карабай, сотко мыйзамдуу жагын териштирип берүүсүүчүн кайрылдым. Туура төрт ай териштирүү иштеринен кийин Жалал-Абад шаардык соту тарабынан берилген чечимдин негизинде кайрадан иш ордума чыктым», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1399
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×