Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.11.2014 13:45

Кара-Көлдүн студенти У.Жалалидин уулу ыр жазат, бош убактысында апасына жардам берүү үчүн лицейде пол жууп иштейт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну, №89 кесиптик лицейдин студенти Урумбек Жалалидин уулу ыр жазат.

Ал тобунда староста, ошондой эле ырдайт жана консерваторияга тапшырууну кыялданат. Аны менен катар, апасына 5 бөлөсүн багууга жардамдашат.

Анын негизги кыялы өлкөсүнө керектүү адам болуу.

«Токтогул районунун Ичке-Сай айылында төрөлүп өскөм. 9-класска чейин ал жерде жашап, былтыр апамдын оорусуна байланыштуу Кара-Көл шаарына көчүп келдик. Апамды шаардык ооруканага жаткырдык, а мен болсо туугандарымдыкында Чоң-Таш айылында жашадым. Учурда кесиптик лицейде ширетүүчүлүккө окуп жатам. Аны бүтүргөн соң консерваторияга тапшырууну көздөп жатам. Азыр апам жана 5 бөлөм менен батирде жашайбыз. Алар менин Орусияга иштеп кеткен эжемдин балдары. Окуудан сырткары, апама неберелерин караганга жардам берип, түнкүсүн ыр жазам. Мен 12 жашымдан баштап ыр жаза баштагам. Баары уктап калгандан кийин адамдар, жашоонун маңызы жөнүндө ойлоно баштачумун. Ал кезде алгач ирет сүйүүгө кабылгандыктан биринчи ырым сүйүү темасында болгон. Азыр жашоо, сүйүү, достор, Бишкек шаары, эне жана башка тууралуу 50дөй ырым бар. Алардын ичинен эң жакыны апама арналган ырлар, анткени апам жашоомдогу эң кымбат адамым. Мен ыр жазганда сөзсүз апама көрсөтөм, ал сөздөрдүн маанисин жана уйкаштыгын баамдап, кеңешин берет», - дейт Урумбек.

Анын айтымында, апасына жардам берүү үчүн бош убактысында лицейдин полун жууйт.

«Менин апам №3 мектепте тазалык кызматкери болгондуктан мен ага жардамга барчумун. Ошондуктан бул мага оор эмес. Бирок азыр кыздардын алдында ыңгайсыз», - деп уялыңкы билдирди Урумбек.

Орус тили жана адабияты мугалими билдиргендей, эгерде эргүү келсе, Урумбек сабакта отуруп да ыр жазат.

«Жакында эле сабакта Есенин темасын өтүп жатсак ал терезени көпкө карап туруп, бир нерсе жаза баштады. Мен аны байкап, тоскоол болгон жокмун», - деди мугалим.

IMG-20141119-WA0070

IMG-20141119-WA0074

IMG-20141119-WA0071

IMG-20141119-WA0072

IMG-20141119-WA0073

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×