Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.11.2014 19:05

Кара-Көл шаарында, 9 баланын энеси жана 44 небереси бар Кулданбай кызы Нурчакан эне чөбөрөлөрүн саноодо адашып калды (фото)

Turmush -  Turmush басылмасынын кабарчысы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 9 баланы энеси жана 44 небереси бар Кулданбай кызы Нурчакан эне жашай тургандыгын маалымдады.

Ал 1943-жылы Токтогул районунун Куйбышев колхозунда туулган. 1957-жылы аны кудалап күйөөгө беришкен. Андан кийин жолдошу менен Кара-Көл шаарында туруп калышкан. Бир жылдан кийин жубайлардын биринчи кызы туулган. Жалпысынан Нурчакан апа 10 бала төрөгөн. Бирок акыркысы каза болуп калган. 10-баласын 1984-жылы төрөгөн. Азыр анын 4 кызы жана 4 уулу бар.

«Мен кичүү уулумдукунда турам. Жалпысынан менин 9 балам, 44 неберем бар. А чөбөрөлөрүмдү кел чогуу санайлы»,- деди ал.

Санай баштадык, бирок биздин каарманыбыз адашып калды.

Ал 23 жашында Нарын ГЭСде монтаж жасап иштегендигин айтты. «Эмгектин баатыры» медалын алган. Баатыр эне ордени бар. Ардак громаталар, ыраазычылык каттар тууралуу айтпайт.

«Мамлекеттен жүрүү үчүн 3 айда бир 400 сом алам. Пенсияга кошумча 1000 сомдон алам. Кээде шаардык бийлик бизге (баатыр энелерге) атайын сый тамак уюштурат. Барабыз маектешебиз. Кээде белектерди акчалай сыйлыктарды да беришет. Мен Нарын ГЭСде эле эмес, Токтогул жана Камбар-Ата ГЭСде иштегенимди белгилегим келет. Электр энергеиясына жеңилдик албайм. Ушул учурду бийликтегилер эске алышса жакшы болмок. Мен дагы 9 жыл бою тамеки өстүрдүм»,- деп белгиледи Нурчакан эне.

Анын айтымында, ал Соцфондго барган. Ал жакта кыздар анын 9 баласы бар экендигин окушуп андан бул тууралуу сурашкан.

«Азыр жаштар эгер экини төрөсө жакшы. Болбосо өзүлөрү үчүн гана жашап калышты. Жоопкерчиликтен коркушат же кантип тойгузам деп ойлошот. Жаштарга кайрылгым келет: Төрөгүлө коркпогула. Эгер жараткан тукум берсе ырыскысын дагы берет. ГЭСте иштеп жүргөнүмдө мени менен орустар иштешчү. Алар мага дайыма, кыргыздар көп бала төрөшүп туура кылат деп айтышчу. Андан кийин карыганда алардын бирөөсү ата-энелерин карашат. Мусулмандарда бул жакшы. А биз бирди же экини төрөйбүз жана карыганда жалгыз калабыз»,-деп кошумчалады ал.

Баатыр эне маектин жүрүшүндө ал ГЭСте иштеп жүргөндө аларга ар кандай улуттагы кызлдар келгендигин белгиледи. Бир жолу индустар менен негритяндар келишти. Алар Москвада окушкан студенттер экен. Алардын айтымында алар бай үй-бүлөөлөрдүн кыздары экен.

«Алар келгенде биз аларга алар бизге экзотика болчу. Аларда салт кандай, кантип жашашат, баалуулуктарын билгенге аракет кылчубуз. Алардын айтымында эгер алардын мамлекетинде алар оорушса анда дары сатып алышчу. Биз үчүн бул түшүнүксүз нерсе болчу. Бизге анда дарылар бекер берилчү. Алар бизге капитализм жөнүндө айтышчу. Биз социализмде жашачубуз да. Анда бир нече жылдардан кийин биз өзүбүз капитализмде жашап калабыз деп ким ойлоптур»,- деди Нурчакан эне.

«Эгер салыштырсак анда ал мезгилдин өзүнүн жакшы жактары да жаман жактары да болгон. Мени жалгыз ойлонткону, биздин балдар, биздин жаштар, жумушсуздуктун айынан мамлекеттен кетип жатканы. Менин балам дагы 4 жылдан бери Сахалинде иштейт. Азыр ар бир күнү аракет кылыш керек болгон мезгил. Жаш кезиңерде иштегиле, төрөгүлө», - деди Баатыр эне сөзүнүн аягында.

IMG-20141117-WA0037

IMG-20141117-WA0032

IMG-20141117-WA0033

IMG-20141117-WA0034

IMG-20141117-WA0038

IMG-20141117-WA0040

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×