Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.11.2014 18:13

Айыл турмушу: Кара-Көлдө кыздын себин жана боз үй жасалгасын даярдоочу тигүүчү цех 13 жылдан бери иштейт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында «Жез оймок» чакан тигүүчү цехи 2001-жылдан бери иштеп келе жатат.

2011-жылы жакырчылыкты жоюу боюнча мэриянын демилгеси менен иш-чаралар башталган. Ошонун негизинде чакан кредиттөө башталып, Кара-Көл шаарында 5 цех ачылган.

Алардын бирөөсү болуп ушул азыр иштеп жаткан «Жез оймок» тигүүчү цехи. Калган 4 цех жоюлуп кеткен. Тигүү цехинде 6 киши эмгектенет. Көбүнчө кыздардын себи даярдалат, кыргыздын үй буюмдары, туш кийиз, төшөк, жаздык, курак куроо, боз үйдүн жасалгалары тигилет жана дагы калкты тейлөө, кыскартып, оңдоп түздөп тигүү, бычуу жумуштары жасалат, дейт цехтин жетекчиси Жумалиева Базаркан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×