Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 31.10.2014 17:50

Айыл турмушу: Таш-Көмүр шаарынын тургуну «Барьби» куурчактарын кыргызча кийинтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну Асанова Жумайым көп жылдардан бери сатып алган жана белекке келген «Барби» куурчактарына кыргызча кийим тигип, кийинте баштады.

Анын айтымында, атайын куурчактарды сатып алып, же белекке келген куурчактардын кийимдерин алмаштырып, улуттук кыргыз кийимдерин жасап тигет.

«Анткени, белкырчоодон өтүп өтпөгөн кийимдер балдар үчүн терс таасирин тийгизерин байкадым, алардын психологиялык жактан ыңгайсыздык жаратарына ишенем. Ошондуктан, жаш өспүрүмдөрдүн улуттук салтка ылайык тарбиялануусу үчүн кырыгыз кийимдерин кийген куурчактар дүкөндүрдө сатылса жакшы болот. Эгерде, мага кийим жасатуу үчүн куурчактарын алып келишсе чын дилимден аларды улуттук колоритке ылайык тигип бермекмин. Мындан ишкерлик жасайын деген, же ишкерликти өнүктүрөйүн деген оюм жок. Болгону балдар «Барби» куурчактарынан көрө кыргызча куурчактардан тарбия алса», - дейт Жумайым Асанова.

clip_image002

clip_image002  

clip_image002

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×