Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башчысы М.Исмаилов милдетин аткара албагандыгы үчүн кызматынан бошотулду

Turmush -  Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башчысы Максатбек Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулду, деп билдирет Салык кызматынын басма сөз кызматы. Тиешелүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов кол койду.

Алардын маалыматы боюнча, М.Исмаилов Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын чечимин аткаруу максатында, ошондой эле, 2014-жылдын 9 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдук көрсөткүчүн аткарууну тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыгы үчүн жумуштан алынды.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги салык органдарынын начальниктерине жана алардын орун басарларына ар бир айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин болжолдук көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жазаларын колдонуу маселеси каралаары тууралуу эскерткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1276
Көп окулду
×