Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.10.2014 13:48

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында тогуз коргоол боюнча чемпиондордун үй-бүлөсү жашайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шарында жашаган Эргешов Шералы жана Элмира Сакееванын үй-бүлөсү спорттун тогуз коргоолу боюнча мыкты ойношот, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, алардын 8 баласы бар. Улуу кызы турмуш жолуна аттанып, үй-бүлөлүү болуп, өзүнчө бөлүнүп кеткен. Андан кийинки уулу Ош шаарында аскердик кызмат өтөөдө. Өздөрү менен 6 баласы жашайт.

Элмира Сакеева фермер, спорт сүйүүчүсү, кросс(жүгүрүү) чемпиону, тогуз коргоолчу, кесиби боюнча фельдшер лаборант.

Үй-бүлөлүк тогуз коргоол таймаштарга да «Шералы командасы», «АТК командасы» деген аталышта катышып турушат. 2011-жылы Казакстанда өткөрүлгөн Улуттар арасы «Атам апам жана мен» атуу тогуз коргоол таймашында 3 орунду элеп келишкен.

Эльмира Сакеева, тогуз коргоол оюну боюнча областтык жана республикалык таймаштарда 2-3-орундарга, шаардык кросс( чуркоо) турнирлердин 1-орунга ээ болгон. Бул үй-бүлөнүн тогуз коргоолго болгон кызыгуусу 2011-жылы башталган.

«Балдарым сабактан келип, дене тарбия сабагынан берген Калима Оморова бизге тогуз коргоол ойногонду үйрөттү деп айтып калышканда ал кандай оюн болду деп кызыгып калдым. Андан соң тогуз коргоолду сатып алып ойноо шарттарын үйрөнүш үчүн китебин алып окудум. Оюндун шартын түшүнгөндөн кийин үй-бүлө мүчөлөрү менен ойноп баштадык жана бул саамалык менен тогуз коргоол оюну үй-бүлөлүк хоббиге айланды. Үй тиричилик иштерин бүтүрүп коюп, малдарды жайгаштырып бүтүп, үйдө тогуз коргооол чемпиондордун таймашы башталат», - дейт Э.Сакеева.

Шераалы кызы Мээримгүл 18 жашта, 2013- жылы тогуз коргоол оюну боюнча областтык таймашта 1-орунга ээ болгон.

Шералы кызы Майрам 17 жашта, тогуз коргоол оюну боюнча областтык таймашта 3 орундун, шаарлар арасындагы таймашта 1-орунга болгон.

Шералы кызы Кайыргүл 11 жашта, областык жана республикалык тогуз коргоол оюну боюнча биринчилик жана алдынкы орундардын ээси.

Шамырзаев Аскат 8 жашта, тогуз коргоол оюну боюнча 12 жаш курагында балдар арасындагы 1 чемпионатта 3-орунга, 2014-жылы тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын 3 кубогунун кенже оюнчусу грамотасынын ээси жана республикалык тогуз коргоол оюндарында эң жаш оюнчу деген сыйлыктарга ээ болгон.

Үй-бүлөнүн кичинекей балдарды 4 жана 5 жашта болгону менен азыртадан өздөрүнө ылайык, тогуз коргоол тактайы да жок эмес. Үй-бүлөнүн кичинекей чемпиондору колу бошогондо эки кичинекей балдары машыктырып ойношот.

Чоң үй-бүлөнүн өзүнө караштуу өкмөттөн сатып алган менчик 40 жерлери бар, бакчада үй-бүлөнү камсыз кыла турган жашылча, мөмө-жемиш, пахта өстүрүшөт.

«Үй-бүлө чоң болгондуктан алары багуу да оной эмес, тиричилик боюнча үй бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн өзүнө жараша милдети бар. Улуу кызым эки күндө бир тандырга 30 жакын нан жабат, уй саайт. 17 жаштагы кызым ага жардам берүү жана кичүү балдарды кароо милдети менен алек. 11 жаштагы кызы окуусуна барып, огород жана тоокторду карап жем берүү милдетинде. 8 жаштагы балам эртең менен уйларды талаага айдо жана окууга баруу, атасына жардам берүү милдетинде», - дейт Элмира Сакеева.

Ошондой эле,  аталган үй-бүлө 15 уй, 30 эчки багышат, буга байланыштуу алар сүт, май, жумуртка менен өздөрүн камсыз кылышат.

«Баатыр энелерге жөлөк пул берилиши керек эле. Бирок, мага үй-бүлө бай жашайт деп мага жөлөк пул беришпейт. Республиканын, областтын аймагындагы ошондой эле чет өлкөлүк сынактарга катышуу үчүн жол кирени өзүбүз төлөйбүз», - деп кошумчалады ал.

20141011_153302

20141011_152234

Chon uulu

.

Chempiondor uy bulosu

20141011_144457

Sherali kizi Meerimgul 18 jash

Sherali kizi mayram 17 jash

Sherali kizi Kayirgul 11 jash

shamirzayeva askat 8 jash

.

20141011_144819

20141011_151153

20141011_151207

20141011_144907

.

20141011_152217

20141011_151314

20141011_151314

Uy bulonun jashagan uyu

kichinekey chempiondor bolochok chempiondorgo mashiguu

kichinekey chempiondor bolochok chempiondorgo mashiguu

20141011_144518

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×