Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.10.2014 17:45

Физикалык мүмкүнчүлүктүн чектелгендигинен эмес, ички дүйнөнүн сулуулугунун чектелгендигинен уялуу керек, - 1-топтогу майып акын, мугалим жана кол өнөрчү Токтокан Чокоева

Turmush -  Физикалык мүмкүнчүлүктүн чектелгендигинен эмес, ички дүйнөнүн сулуулугунун чектелгендигинен уялуу керек, дейт 1-топтогу майып акын, мугалим жана кол өнөрчү Токтокан Чокоева.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Т.Чокоева 1974-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашайт. Учурда 5 баланын энеси жана 10 неберенин таенеси. Мурда мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берип эмгектенген.

27 жылдык мугалимдик кесипти аркалаган каарман 1999-жылы туура эмес дарылоо жана дарыгерлердин көңүл коштугунан улам буттары баспай калып, майып арабасында отурууга аргасыз болгон.

Ага карабастан, ал өзүнүн бала чагындагы талантын өркүндөтүп, 14 жылдан бери кол өнөрчүлүк ийримин жетектеп келет. Ал балдарга түймө түйгөндү, кийизден буюмдарды жасоону үйрөтөт. Аны менен катар, шурулардан буюм жасап, ыр жазат.

Т.Чокоева алгачкы ырын 46 жашында апасына арнап жазса, акыркы «Өмүрлөшүмө» аттуу ырын 40 жыл бирге түтүн булаткан жолдошуна арнап жазган. Жалпысынан ар кандай темада жазылган 50дөй ыры бар.

«Мен үй-бүлөмө, өзгөчө бардык кыйынчылыкта жанымда болгон жолдошума абдан ыраазымын», - дейт Т.Чокоева. Ал майып арабасы менен өз алдынча жылып, неберелерине да баш-көз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×